Сот системасы мамлекеттик түзүлүштүн негизги компоненти болуп саналат. Ал мыйзамдуулукту камсыз кылат, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргойт жана коомдогу талаш-тартыштарды чечүүчү маанилүү звено. Сот системасы жөн гана талаш-тартыштарды чечүү механизми эмес, адилеттүү коомдун пайдубалы да болуп эсептелет. Андыктан аны өркүндөтүү демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүүгө умтулган ар бир заманбап мамлекет үчүн маанилүү милдет болуп саналат. Соңку бир жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев жүргүзгөн реформалар кыргыз сот системасы жогоруда айтылган критерийлерге дал келишин камсыз кылуу аракетинде. Төраганын айтымында, системада эң биринчи кезекте адилеттүүлүктү орнотуу шарт.
Негизи эле карапайым калк арасында, кыргыз коомчулугунда көпчүлүк учурда сот системасына ишенимдин көрсөткүчү жакшы эмес болуп келген. Ошол себептен Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев кызматына киришкенден тарта аймактардагы, облустардагы судьяларды текшерүүгө алып, Соттордун адилеттүү иш жүргүзүүсү, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына, каралып жаткан сот иштерине көз салып келет. Эсиңиздерде болсо 2024-жылы Төраганын аймактарга болгон иш сапарлары элдин арасында колдоо таап, резонанс жараткан. Анда эл менен кайтарым байланыш түзүү максатында сот имараттарында соттордун ишин баалоо үчүн атайын QR коддор да орнотулган. Учурда алардын жыйынтыгы боюнча иш жүргүзүлүүдө. Сот иштеринде кайсы жерден мүчүлүштүк кетип, көйгөй жаралып жатканы же тескерисинче ийгиликтүү болгону ачыкталууда. Андан тышкары айрым сот иштери элге түз алып берилип көрсөтүлүп жатат.
Жакында 2025-жылдагы сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгарууга арналган Жогорку соттун Пленумунун жыйыны өттү. Анда да Төрага сот системасынын мыктыланышын талап кылды. Өткөн жылдын жыйынтыгына көз чаптыра турган болсок, 2025-жылы административдик иштер боюнча соттук коллегияга кассациялык тартипте 1316 иш келип түшкөн. (2024-жылы – 1277). Карап чыгуу жыйынтыгында 162 иш кайтарылган (2024-жылы – 194), ал эми 215 иш 2026-жылга кароого өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы тарабынан 2025-жылы жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары боюнча кассациялык тартипте 1400 адамга карата 1017 кылмыш-жаза иши каралган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 0,09% аздык кылат. Анткени, 2024-жылы 1335 адамга карата 1018 иш каралган. Түшкөн 793 кассациялык даттануулардан 231и канааттандырылып, 562си канааттандыруусуз калтырылган.
Жарандык тартипте 2025-жылы биринчи инстанциядагы сотторго 139 406 доо арыз жана 31 642 соттук материал келип түшкөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 6%га жогорулаган. Бирок, өткөн жылдарга салыштырмалуу иштердин көбөйүшүнүн тенденциясы кыйла азайган. Мурда жылдан-жылга иштер 20-30%га чейин көп түшкөн, буга себеп мыйзамдар өзгөрүп, кээ бир категориядагы иштерди чечүү соттон тышкары тартипте каралган. Жалпы каралган иштердин ичинен 5%га жакыны (4,78% – 8181 иш) апелляциялык тартипте, ал эми 2%га жакыны (2,26%-3871 иш) кассациялык тартипте даттанылган. Бул көрсөткүчтөр иш боюнча тараптардын чыгарылган соттук актылардын басымдуу бөлүгүнө, тактап айтканда 95% макул экендигин жана аларга даттануу берилбегенин көрсөтөт.
Бирок ага карабай Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыевдин айтымында аймактарга жасалган жумушчу сапарлардын жана жергиликтүү соттордун жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмелеринин жыйынтыгында айрым соттордун ишмердүүлүгүндө олуттуу көйгөйлөр аныкталган. Анын айтымында, жергиликтүү соттордо иштеп жаткан 441 судьянын ичинен 137 судьянын сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү төмөн деп белгиленген, бул жалпы судьялар корпусунун 31%ын түзөт. Ошол эле учурда ишинин жогорку натыйжаларын көрсөткөн (сот актыларынын күчүндө калуу көрсөткүчү 80%дан жогору болгон) 133 жергиликтүү соттун судьясына Жогорку соттун Төрагасынын ыраазычылыгы жарыяланган.
Мындан тышкары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча статистикалык маалыматтардын жана жергиликтүү соттордун иштерди кароосунун сапаттык көрсөткүчтөрүнүн негизинде «Мыкты облустук сот» деп Жалал-Абад облустук соту; «Мыкты райондук сот» деп Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту таанылган.
Жалпысынан 2025-жылы биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттор тарабынан 280 308 соттук иш жана материал каралган. Бул көрсөткүч 2024-жылга (246 931) салыштырмалуу 13,52%га көп болгон. Бул тенденциянын негизги себептери катары калктын санынын өсүшү, жарандардын укуктук сабаттуулугунун жогорулашы, ошондой эле коомчулуктун сот системасына болгон ишениминин бекемделиши катары каралууда. Ошол эле учурда экинчи тарабы катары укук бузуу, кылмыштуулуктун өсүшү, жарандык, административдик талаштардын көбөйгөндүгүн айгинелейт. Судьялардын штаттык саны өзгөрүүсүз бойдон калып жаткандыгы маселе жаратууда. Жогоруда көрсөтүлгөн факторлордун натыйжасында судьяларга болгон жүктөм олуттуу түрдө көбөйгөн. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине Кыргыз Республикасынын сотторунун түзүмүн жана судьялардын штаттык санын талдоо жана оптималдаштыруу, судьялардын санын көбөйтүү маселеси боюнча жакынкы убакытта жыйынтык чыгаруу каралууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2026-жылдын эсебинен өткөн айда Төрага аймактарды дагы бир жолу кыдырып келди. Бул жолу да ал карапайым калк үчүн мыкты шарттар түзүлүп, судьялар тарабынан адилеттүүлүктүн туу тутулушун талап кылды.
https://erkin-too.kg/sottun-chechimine-dattangandar-azajgan/

