Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттик үйүндө Манас шаардык соту тарабынан укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кеңири форматтагы жумушчу жыйын уюштурулду.
Жыйынга Манас шаардык сотунун төрагасы Мирлан Байышов, судья Айбек Ахматов, Жалал-Абад облустук прокуратурасынын бөлүм башчысы Алманбет Абдраманов, Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдавлетова, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Нияз Жумагулов, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы Уран Таалаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Эрнист Тельтаев катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Манас шаардык сотунун төрагасы Мирлан Байышов 2025-жылы каралган кылмыш иштери, укук бузуулар боюнча материалдар жана соттор тарабынан чыгарылган жеке аныктамалар тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын негизги максаты — соттук актылардын аткарылышын камсыз кылуу жана аларды аткарууга байланышкан көйгөйлөрдү талкуулоо болду. Ошондой эле жыйында кылмыш жана укук бузуулар боюнча кабыл алынган соттук чечимдердин аткарылышынын абалы каралып, тиешелүү сунуштар айтылды.
Ошондой эле Мирлан Байышов Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан соттук актылардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, аткаруу боюнча маалыматтарды өз убагында жана толук түрдө сотко берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйындын соңунда катышуучулар ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маанилүүлүгү белгиленип, төрага бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

