KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар кеңеши жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты

28 мая 2026


Бүгүн, 2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев менен «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу маселелерин талкуулоого арналган жолугушуу өткөрүштү.





Жолугушууну Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова ачып, сөз сүйлөдү.Өз сөзүндө Аида Сейдакматова уңгужолунун жоболорун сот тутумунун ишмердүүлүгүнө ырааттуу киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, аталган документ элдин биримдигин чыңдоого, улуттук баалуулуктарды сактоого, мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандардын укуктук аң-сезимин жана жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.


Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин улуттук өзгөчөлүктүн, руханий мурастын жана коомдук биримдиктин маанилүү бөлүгү катары ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Судьялар кеңешинин төрайымы мамлекеттик тил, улуттук каада-салттар жана руханий баалуулуктар укуктук тартипти, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун концепциясы боюнча кеңири баяндама жасады.


Уңгужолдун негизги багыттарына токтолуп, мамлекеттик тилдин маанисин өзгөчө белгилеп, кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн жана улуттук өзгөчөлүктүн негизги символдорунун бири экенин айтты. Ошондой эле өз сөзүндө кыргыз тилинин тарыхый өнүгүүсү, бай маданий мурасы жана улуттук биримдикти бекемдөөдөгү мааниси тууралуу белгиледи.


Ошону менен бирге Мелис Мураталиев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын так жана натыйжалуу аткаруу мамлекеттик тилдин коомдогу ролун жана макамын мындан ары бекемдөөнүн, ошондой эле аны коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонуунун негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи.


Жолугушуунун алкагында катышуучулар тил саясатын өркүндөтүү, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу, патриоттуулукту, укуктук маданиятты жана улуттук биримдикти чыңдоо маселелерин талкуулашты.


Иш-чаранын жыйынтыгында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун жоболорун мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот тутумунун ишмердүүлүгүндө колдонуу мамлекеттүүлүктү мындан ары бекемдөөгө, укуктук аң-сезимди өнүктүрүүгө жана коомдун биримдигин чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын 2025-жылдын 12-августундагы буйругу менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...