KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына талапкерди шайлады

19 июня 2026

2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болду.


Жыйынга Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат Жетекчиси Сулайман Мыкыев, Жогорку соттун каржы-чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Гүлжан Долдаева жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Урмат Маматкеримов катышты.


Анын  күн тартибиндеги төмөнкү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин 2026-жылдын 15-июнундагы No 87 кайрылуусун карап чыгып, берилген материалдарды изилдеп жана сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулап, өз чечими менен «Кыргыз Республикасынын судьялык  кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоо» Автоматташтырылган маалыматтык  тутумун комплекстүү өркүндөтүү боюнча Жеке техникалык тапшырманы бекитти.


Андан соң  Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына жаңы талапкерди киргизүү маселеси болду. Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясы Маматкеримов Урмат Таалайбековичтин талапкерлигин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү катары бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алды.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...