KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүүнүн 2027–2030-жылдарга карата мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды

12 января 2026

Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүүнүн боюнча 2027–2030-жылдарга карата Мамлекеттик максаттуу программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы чечиминин негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга багытталган. Аталган программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы №178 Жарлыгы менен бекитилген. Программа мамлекеттин жаңы муундагы сот тутумун — көз карандысыз, кесипкөй, технологиялык жактан өнүккөн жана жарандарга багытталган сот тутумунун түзүүгө болгон стратегиялык умтулуусун чагылдырат.


Программанын негизги максаты санариптик соттун концепциясын киргизүү болуп саналат, бул заманбап инфраструктураны түзүүнү, инновациялык технологияларды өнүктүрүүнү, негизги процесстерди электрондук форматка которууну жана жарандардын жашаган аймагына карабастан адилеттүүлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну билдирет.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши бул долбоор менен таанышууну жана 2026-жылдын 26-январына чейин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин sovetkg@inbox.ru электрондук дарегине өз сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди жөнөтүүнү суранат.


 


ПРОЕКТ Государственной целевой программы развития судебной системы Кыргызской Республики на 2027-2030 годы 


Видео-блок

Ар бир сотко баа берилет. Жалал-Абад облусунун сотторунун 2025-жылдагы иштери каралды
ЭлТР: ӨТКӨН ЖЫЛЫ БИШКЕКТИН РАЙОНДУК СОТТОРУНДА 105 МИҢДЕН АШУУН ИШ КАРАЛДЫ
"Сотторго бааны эл берет!" М.Сатыев Талас областынын жергиликтүү сотторунун иши менен ...
НОМАД ТВ: Что нужно знать о разводе и алиментах в Кыргызстане
Көрсөткүчтөрү жакшы жана начар судьялар аталды. М.Сатыев иш сапары менен Ысык-Көл облус...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...