KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын материалдарын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушун карады

20 апреля 2026







2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды.


Атап айтканда:



  • Л.В.Кемлердин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Э.К., Т.К.Б., Ж.К.Р.га карата даттануусун карап, Судьялар кеңеши аталган судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартты, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчисине кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды;

  • Б.К. Сапарбаеванын Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К. уулу А.га карата даттануусун канааттандыруудан баш тартылды;

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ош шаардык сотунун судьясы С.Б.А., ошондой эле Ош облустук сотунун судьялары Д.А.А., А.Н.Т., Д.М.М.га карата жеке аныктамасын карап чыгып, Судьялар кеңеши көрсөтүлгөн судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартты;

  • М.М. Абдипаттаевдин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьясы А.С.М.га карата даттануусун карап, Судьялар кеңеши алдын ала эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза чарасын колдонду.


Мындан тышкары, Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К. Асаналиевдин Бишкек шаардык сотунун судьясы Ч.С.Б.ны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 5-пункттарында, 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 352-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунушун карады.


Сунушту жана тиркелген материалдарды кароонун жыйынтыгында Судьялар кеңеши аны канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ошону менен бирге Бишкек шаардык сотунун судьясы Ч.С.Б.га карата сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулду.




Видео-блок

Жогорку сот менен жергиликтүү соттор ишембиликке катышты
ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...