KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад Сот адилеттик үйүнүн кызматкерлери арасында кичи футбол уюштурулду

26 мая 2025

Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун уюштуруусу менен сот адилеттик үйүнүн кызматкерлери арасында кичи футбол таймашы болуп өттү.


Бул спорттук мелдеште жалпысынан 6 команда ат салышты. Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 командага кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Биринчи орунду жана Жалал-Абал облустук сотунун төрагасынын өтмө кубогу менен Жалал-Абад шаардык сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Жалал-Абад облустук сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын командасы татыктуу болду.


Мындан сырткары мелдештин шартында көргөзүлгөн “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.


Турнирдин соңунда Административдик соттун төрагасы Азиз Кудайбергенов турнирдин жеңүүчүлөрүн куттуктап, спорттук мелдештерге катышкан бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлер арасында кичи футбол оюндары мындан ары да уланаарын билдирди.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


Видео-блок

Алимент боюнча чечим чыкты. 3-бөлүк
Номад ТВ: Подготовка команды "Фемида" на хорошем уровне
УТРК: Соттук отурумдар ачык көрсөтүлө баштады
Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Фуцзянь провинциясынын прокуратура делегацияс...
Сот кызматкерлери улуттук идеологияны даңазалады

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...