KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялардын жардамчылары жана сот катчылары үчүн комплекстүү окуу башталды

22 июня 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчылары жана сот отурумунун катчылары үчүн Комплекстүү окутуу программасы бапшталды.


Окуунун башында угуучулар сот түзүлүшү, ишкердик баарлашуу, коррупцияга каршы күрөш, кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча кыргыз тилиндеги юридикалык терминология ошондой эле мамлекеттик кызматкердин этикасы сыяктуу темаларды окушат.


Андан соң, судьянын жардамчысынын жана сот отурумунун катчысынын укуктук статусу жана функционалдык милдеттери, жарандык, кылмыш-жаза иштерди даярдоо, тариздөө тартиби, буюм далилдерин кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу жана башка темаларды окушат.


Лектор катары, жергиликтүү соттордун судьялары Аида Джээнбекова, Гульзат Усакпаева, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары Эркинбек Мамыров, Гульнара Дуйшенбекова, Чынара Курбанова, Эрмек Садыков КР Жогорку сотунун аппарат кызматкерлери Адилет Мамырбаев, Руслан Белгибаев ошондой эле “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин адиси Аида Исакеева болушат.


Сот адилеттигинин жогорку мектеби катышуучуларды ар бир тема боюнча басма түрүндөгү тийиштүү окуу куралдары менен камсыздайт.


Окуунун аягында катышуучулар тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен күбөлүктөр тапшырылат.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...