2025-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Юриспруденция» багыты боюнча билим алган Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер судья Мадамин Азимжановдун төрагалыгы астында өтүп жаткан кылмыш иштери боюнча ачык сот отурумуна катышышты. Мындан тышкары, судья «Адилеттүүлүк, абийир жана жоопкерчилик — жарандын сапаттары» аттуу тематикалык лекция окуп берди. Лекция «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужол» доктринасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.
Жолугушуу маалында студенттер сот системасынын ишмердүүлүгү, судьянын күнүмдүк милдеттери жана кылмыш иштерин кароонун практикалык өзгөчөлүктөрү боюнча кызыктырган суроолорун берип, кеңири маалымат алышты.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар соттук практика менен жакындан таанышууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылыктарын билдирип, бул тажрыйба келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошоорун белгилешти.

