KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму менен Мамлекеттик салык кызматы маалыматтык-техникалык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту

22 мая 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун имаратында сот тутуму менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы  Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда салыктык билдирүүлөрдү  аткаруу жана маалыматтык-техникалык өз ара аракеттенүү маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууга сот тутумун санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү болгон судьялар, Жогорку соттун, Сот департаментинин, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышты.


Аталган жолугушуу Президенттин “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мыйзам чыгаруу демилгелерин жүзөгө ашырууга багытталган тыгыз жана жемиштүү кызматташуунун жыйынтыгы болду. Буга чейин бир катар укуктук жана техникалык маселелер боюнча жумушчу жолугушуулар өткөрүлгөн.


Бүгүнкү жолугушуу Маалыматтык-техникалык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу менен жыйынтыкталды.


Жогоруда аталган чараларды ишке ашыруу сот жана салык органдарынын өз ара аракеттенүүсүн кагаз жүзүндөгү процесстерден санариптик форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде, жарандардын  салыктык карыздарын онлайн тартибинде, Төлөм коду аркылуу төлөөгө шарт түзөт.



Видео-блок

1 жыл. Медербек Сатыев 1-радионун «Таңкы Кыргызстан» берүүсүндө түз эфирде маек берди
Баңгизат каражаттары жана эмгектик укуктар боюнча Пленумдун токтомдору кабыл алынды. (Т...
Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...