KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот системасы менен Мамлекеттик салык кызматы аткаруу өндүрүшү боюнча санариптик кызматташууну күчөтүүдө

16 мая 2025

2025-жылдын 15–16-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда аткаруу өндүрүшү жана салык эскертмелерин санарип түрүндө аткаруу маселелерине арналган жумушчу  жолугушуулар өттү.


Биринчи жолугушуу 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун имаратында өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, Сот департаментинин директорунун орун басары Канатбек Осмонов, ошондой эле «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жана башка тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун башкы темасы — 2025-жылдын 12-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, салык эскертмелерине аткаруу документтеринин статусу берилгенине байланыштуу маселелерди талкуулоо болду. Ушуга ылайык, тараптар эки мекеменин маалыматтык системаларынын техникалык интеграция механизмдерин жана салык эскертмелеринин сот аткаруучулардын кызматына санарип түрүндө өткөрүлүшүн талкуулашты.


Жыйынтыгында салык эскертмелерин мажбурлап аткаруу боюнча маселелерде толук кандуу санариптик кызматташууга өтүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле техникалык өзгөчөлүктөрдү аныктоо жана мындан аркы ведомстволор аралык кызматташуунун багыттарын белгилөө иштери башталды.


16-май күнү иш уланып, жолугушуу Сот департаментинин базасында өттү.  Аталган департаменттин  директорунун орун басары, жумушчу топтун төрагасы Канатбек Осмоновдун жетекчилиги астында Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана ведомстволорго караштуу IT-адистер менен биргеликте «Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду деталдуу талкуулашты.


Сунушталган негизги жаңылыктардын катарында төмөнкүлөр бар:



  • салык эскертмелерин ыктыярдуу түрдө аткаруу механизмин сактап калуу;

  • салык эскертмелерине да башка аткаруу документтериндей эле аткаруу жыйымын киргизүү;

  • сот аткаруучуларына салык органдарынын өзүнчө кайрылуусуз эле жарандардын өлкөдөн чыгуусуна убактылуу чектөө коюу укугун берүү.


Ошондой эле тараптар маалыматтык-техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун карап чыгып, өткөрүлө турган маалыматтардын курамын, интеграция үчүн катышуучу мамлекеттик органдардын тизмесин жана процесстерди автоматташтыруунун параметрлерин такташты.


Өзгөчө көңүл жарандардын — салык төлөөчүлөрдүн укуктарына бурулду. Аларга аралыктан береселерди жана аткаруу жыйымын төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле өлкөдөн чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү ыкчам алып салуу маселелери каралды. Мындан тышкары, келечектеги салык эскертмелер боюнча статистиканы жүргүзүү маселеси да талкууланды.


Жүргүзүлүп жаткан иштер комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, укуктук жөнгө салууну, техникалык ишке ашырууну жана башка мамлекеттик органдар менен кызматташууну камтыйт.


 


Видео-блок

Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы
Азамат Узакбаев: Судья өзү өкүнбөгөндөй чечим чыгаруусу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...