KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын сот системасы жана Сот тутумунун ардагерлер кеңеши Бактыгүл Алымбековага атасынын мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтат

10 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын сот системасы жана Сот тутумунун  ардагерлер кеңеши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Алымбекова Бактыгүл Турсуновнага, ошондой эле анын туугандарына жана жакындарына атасы – Турсун Алымбековдун  мезгилсиз дүйнө салгандыгына  байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Турсун Алымбеков 1941- жылы Токтогул районунун Мазар-Суу айылында туулган.


Турсун Алымбеков кесиптештеринин эсинде ак ниет, жогорку квалификациялуу жана жоопкерчиликтүү судья катары сакталып калат. Ал сот системасындагы эмгек жолун 1987-жылы Ош облустук сотунун судьясы болуп баштаган. 1990–1991-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп иштеген. Андан соң Талас облустук сотунда, Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондук сотторунда адилеттик жүргүзгөн. 2004–2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп эмгектенген.


Эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин Турсун Алымбеков узак убакыт бою Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген.


Турсун Алымбеков өз ишине берилген, кесибин сүйгөн чыныгы адис катары артында өчпөс из калтырды.


Сот системасы бул орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөт.


Видео-блок

Медербек Сатыев: "Сот тутумун санариптештирүү маселелери кечиктирилбеши керек!"
Жеңүүчү. Ош шаардык сотунун "Уңгу жол" боюнча даярдаган тасмасы облустук сынакта 1-орун...
"Кадрларды карап чыккыла! Тааныш-билиш деген болбосун!" М.Сатыев Сот департаментине күт...
“Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужол. Ош облусунун жергиликтүү соттору уюштурган и...
Алдамчыларга ишенип, 100 миң долларлык үйүнөн айрылган жаран туурасында соттук отурум

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...