KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын сот системасы

08 мая 2025

Аскердик мезгилдеги сот органдарынын уюштурулушундагы өзгөрүүлөрдү аныктаган алгачкы мыйзамдык актылар — СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1941-жылдын 22-июнундагы “Аскердик абал жөнүндө” жана “Аскердик абал жарыяланган аймактарда жана аскердик аракеттер жүрүп жаткан райондордогу аскердик трибуналдар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” жарлыктары болгон.


Согуш мезгилинде аскердик трибуналдарга фронтто гана эмес, тылда да оор кылмыштарга каршы күрөшүү милдети жүктөлгөн. Алар аскердик өнөр жай ишканаларынан өз алдынча кеткен адамдардын, милдеттүү аскердик даярдыкка баш ийбегендердин, аскердик каттоону бузгандардын жана башка ушул сыяктуу иштерди карашкан.


Душманды жеңүүгө багытталган бир катар мыйзамдык актылар кабыл алынган. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тарта Мекенге чыккынчылык кылгандык, тыңчылык, диверсия, антисоветтик үгүт, аскердик кылмыштар үчүн жаза чараларын күчөтүүчү Кылмыш кодексиндеги нормалар күчүнө кирген.


Сотторго жүктөлгөн милдеттер эки параллелдүү сот системасы аркылуу аткарылган: аскердик трибуналдар жана жалпы жарандык соттор. Согуштун биринчи жылдарында Кыргызстанда 76 элдик сот участогу, 5 областтык сот жана республикадагы Жогорку сот иш алып барган. 1942-жылдын январында Фрунзе гарнизонунун аскердик трибуналы уюштурулган.


Согуштун алгачкы күндөрүнөн тарта көптөгөн сот кызматкерлери Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Бул жагдай жана жаңы элдик сот участкаларынын түзүлүшү менен байланыштуу кадр тартыштыгы жаралган. Сотторго ишке ишенимдүү, иш жүзүндө сыналган кызматкерлер багытталган. Башкы резерв катары элдик заседателдер тандалып алынган — алар саясий жана иш билги сапаттары менен судьялык милдетти аткарууга жарамдуу экенин көрсөтүшкөн. Ошондой эле эки жылдык юридикалык мектептин бүтүрүүчүлөрү, Фрунзе шаарындагы Бүткүлсоюздук юридикалык сырттан окуу институтунун (ВЮЗИ) филиалынын студенттери жана кыска мөөнөттүү юридикалык курстардан өткөн практикалык кызматкерлер ишке тартылган. Жергиликтүү деңгээлде материалдык жана процессуалдык укук маселелери жана учурдагы мыйзамдар боюнча элдик судьялар менен семинарлар жана маектер өткөрүлүп турган.


Юридикалык кадрларды даярдоодо Фрунзенин эки жылдык юридикалык мектеби чоң роль ойногон. 1942-жылы анда 50 студент окуган, алардын көпчүлүгү — жергиликтүү улуттун өкүлү болгон аялдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары болгон. Бул мектеп согуштун оор шарттарына карабастан, кадр маселесин жарым-жартылай болсо да чечүүгө салым кошкон.


Сот кызматкерлеринин курамында аялдардын саны кыйла көбөйгөн. Жогорку сотто алардын үлүшү 40 % түзгөн, областтык соттордо — 33 %, элдик судьялар арасында — 39 %. Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун көптөгөн кызматкерлери согуш маалында Мекенди коргоо үчүн салгылаштарга катышып, бир катар Европа мамлекеттерин бошотууга өз салымын кошушкан.


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...