Кыргыз Республикасынын судьялар корпусу, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери Абдуллаев Болотбек Абдырахмановичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтат.
Абдуллаев Болотбек Абдырахманович 1976-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылында төрөлгөн.
Эмгек жолун 1997-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кызматынан баштап, 1998-жылга чейин эмгектенген.
1998-жылдан 2001-жылга чейин Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү, улук тергөөчү болуп иштеген.
2001-жылдан 2003-жылга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү жана бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.
2003-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында тергөөчү жана улук тергөөчү болуп эмгектенген.
2008-жылдан 2013-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында, ошондой эле Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында тергөөчү жана улук тергөөчү болуп иштеген.
2012-жылдан 2015-жылга чейин жеке адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдагы Жарлыгы менен биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жөнөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдагы Жарлыгы менен жергиликтүү соттун судьясы болуп чектүү жаш курагына жеткенге чейин дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдагы Жарлыгы менен ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна которулуп, 2025-жылдын март айынан тартып аталган соттун төрагасы кызматын аркалап келген.
Эмгек жолунда өзүн принципиалдуу, жоопкерчиликтүү жана жогорку кесипкөйлүккө ээ жетекчи катары көрсөтүп, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылууга зор салым кошкон.
Абдуллаев Болотбек Абдырахманович кесиптештеринин жана сот тутумунун кызматкерлеринин арасында терең урмат-сыйга ээ болуп, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү жана ак ниет эмгеги менен айырмаланып турган.
Анын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы сот коомчулугу үчүн оор жоготуу болду.
Болотбек Абдырахмановичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

