KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот департаменти 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

13 февраля 2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин  катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Коллегиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйын болуп өттү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, ошондой эле Сот департаментинин борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышты.


Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы сот тутумун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо, кетирилген кемчиликтерди талдоо жана алдыдагы милдеттерди так белгилөө зарылдыгын айтты. Ошондой эле мамлекет тарабынан сот системасын реформалоого жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, мындай колдоо бардык кызматкерлерден жогорку жоопкерчиликти жана мыйзамдуулукту так сактоону талап кыларын баса белгиледи.


Медербек Сатыев жакында бекитилген «Сот департаментинин Коллегиясы жөнүндө» Жобо Коллегиянын макамын жогорулатып, ага чоң жоопкерчилик жүктөгөнүн белгиледи. Анын айтымында, Коллегия отчет угуу менен гана чектелбестен, жергиликтүү соттордун жана Сот департаментинин ишин камсыз кылуу боюнча негизги маселелерге стратегиялык чечимдерди сунуштаган ишмер орган болушу зарыл.


Төрага Коллегиянын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттар катары бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу, финансылык тартипти күчөтүү, санариптештирүү процесстерин ылдамдатуу жана кадрдык потенциалды чыңдоону белгиледи.


Жыйында Сот департаментинин директорунун орун басары — Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы Канатбек  Осмонов 2025-жылы аткарууга 5 408 сот актысы келип түшкөнүн, ал эми сот отурумдарына катышуучуларды мажбурлап алып келүү боюнча республика боюнча орточо аткаруу көрсөткүчү 80 пайызды түзгөнүн билдирди. Мындан тышкары, сот аткаруучуларга мажбурлап аткарууга көмөк көрсөтүүнүн алкагында 289 кайрылуу каралып, алардын бардыгы боюнча өз убагында жардам көрсөтүлгөн. Канатбек Осмоновдун айтымында, 2025-жылы сот приставдары республика боюнча 76 486 сот отурумунда коомдук тартипти камсыздап, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 5 445 отурумга көп болгон.


Ошону менен катар Жогорку соттун Төрагасы сот имараттарын толук кандуу күзөткө алуу жана курал-жарак сактоочу атайын жайларды уюштуруу боюнча мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы кечеңдеп жатканын кескин сынга алды. Бүгүнкү күндө республика боюнча 72 сот имаратынын 71и сот приставдары тарабынан толук күзөткө алынган. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун имаратын күзөткө алуу маселесин 2026-жылдын экинчи чейрегине чейин чечүү пландалууда.


Жыйындын жүрүшүндө Сот департаментинин директорунун орун басары Аида Осмонбекова 2025-жылдагы курулуш, капиталдык оңдоо жана санариптештирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жыл ичинде Сот департаменти сот тутумунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, курулуш жана капиталдык оңдоо, ошондой эле санариптештирүү багытында системалуу иштерди жүргүздү.


Тактап айтканда, Ысык-Ата, Москва, Ат-Башы, Кара-Суу, Сокулук, Кочкор, Кара-Кулжа, Аламүдүн, Чаткал, Свердлов, Чоң-Алай райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын райондук жана шаардык сотторунун административдик имараттарын куруу, капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат.


Ошондой эле Сот департаментинин административдик имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, Жумгал райондук сотуна жаңы имарат куруу үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.


Бюджеттин аткарылышы жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча да маалымат берилди. Анда бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу, сот органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган чаралар белгиленди.


Бюджеттик каражаттардын толук өздөштүрүлбөй калышына өзгөчө көңүл бурулуп, каржылык тартип бузууларга жол берген облустук бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине катуу эскертүү берилди.


Мындан тышкары, Медербек Сатыев санариптештирүү сот тутумундагы ачык-айкындуулуктун негизги кепилдиги экенин белгилеп, аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштерди жетишсиз деп баалады. Облустук башкармалыктардын башчыларына санариптештирүү процесстерин тездетүү, заманбап технологияларды киргизүү жана уюштуруучулук-укуктук иштерди жаңы деңгээлге көтөрүү тапшырмасы коюлду.


Өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча Сот департаментинин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана “Фемида” мамлекеттик мекемесинин директору да маалымат беришти.


Жыйындын  соңунда сот тутумунун материалдык-техникалык камсыздоосун мындан ары чыңдоо, санариптештирүү процесстерин ылдамдатуу жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү боюнча конкреттүү милдеттер аныкталып, Сот департаментинин ишин мындан ары өркүндөтүү зарылдыгы белгиленди.


Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Сот департаментинин жетекчилигине облустук башкармалыктардын башчыларына жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткарбаган жетекчилерге карата катуу тартиптик чараларды көрүү тапшырмасы берилди.


Ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштешүүсүн камсыз кылуу жана 2026-жылга карата иш планына киргизилген аймактардагы сот имараттарын куруу тапшырмаларын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу зарылдыгы  айтылды.


Медербек Сатыев Сот департаментинин ишинин натыйжалуулугу сот адилеттигинин сапатына түздөн-түз таасир этерин белгилеп, ар бир жетекчи өз багыты боюнча жеке жоопкерчиликти сезип, отчеттук жыйындар ишти жакшыртууга багытталган конкреттүү сунуштар менен коштолушу керектигин баса белгиледи.


 


Видео-блок

УТРК ЧҮЙ: СОТ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ ҮЧҮН ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ
Биринчи жолу. Жогорку сот 10дон ашык алдыңкы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу кел...
УТРК Жалал-Абад: Сот отурумдары онлайн форматта өтөт
Сот адилеттигинин Жогорку мектебине жаңы директор дайындалды
Медербек Сатыев: Судья болом дегендерге талаптар жогору болуусу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...