KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот  приставдарына кызматтык автоунаалар берилди

26 декабря 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 26-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу


Сот департаментинин сот приставдарына жаңы 54  кызматтык автоунааны өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин жана Сот департаментинин директорунун орун басары,  Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулованын катышуусунда өттү.


Медербек Сатыев  өз сөзүндө: «Өлкөбүздүн Сот приставдар кызматы түзүлгөндөн тартып биринчи жолу тарыхта “Тулпар моторс” ишканасынан чыгарылган “Шевроле Трекер” маркасындагы 54 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу алдында турабыз.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен бир жыл мурун сот аткаруучуларга 47 автоунаа алып берсек, азыркы күндө Сот приставтарга өз өлкөбүздө чыгарылып жаткан 54 кызматтык автоунаа сатып алдык.


Бул кызматтык автоунаалар Сот приставдарынын күнүмдүк кызматтык милдеттерин натыйжалуу жана так аткаруу жардам берет деп ишенебиз», — деп билдирди төрага.


Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев жаңы үлгүдөгү бул кызматтык автоунаалар сот приставдарынын элибизге кызмат кылуусуна, тактап айтканда соттун чечимдерин кечиктирбестен өз убагында  ыкчам аткарууга өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.


Белгилей кетүүчү жагдай, бул кызматтык унаалар республика боюнча сот приставдарына бөлүштүрүлүп берилет.


 



Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...