27-декабрда Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Акылбек Адимов жана шаардык соттун судьялары Нургазы Дыйканов жана Бакытбек Жаназаков Кызыл-Кыя шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын өкүлдөрү менен жолугушуту.
Жыйынга Марат Гаипов, Абдикамал Насиров, Пазыл Ашимов, Нурэлес Сулайманов, Үмүтбек Бексарыев, Эркин Молдоматов жана Бактыгул Абылкасымова катышышты.
Жолугушууда карызды өндүрүү, кредиттик келишимдерди түзүүдө кардарлар менен түзүлгөн келишимдин шарттарын тактоо жана кардарлар менен банктын ортосундагы мамилелерди сотко чейинки өндүрүш мүмкүнчүлүгү менен жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда Акылбек Адимов кредиттик уюмдардын өкүлдөрүн, жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кредиттик келишимдерде белгиленген шарттарды толук түшүнүүсүн камсыз кылууга чакырды.
Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы замирбек Ормонов