Бүгүн, 2025-жылдын 20-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги алдында Жогорку соттун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот приставдары жалпы республикалык ишембиликке катышышты.
Ишембилик алкагында судьялар жана кызматкерлердин басымдуу бөлүгү Совет Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиев атындагы парктын аймагын тазалашса, калган бөлүгү Жогорку соттун имаратынын тегерегиндеги аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Аталган паркты ошондой эле Бишкек шаардык соту менен Биринчи май райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери тазалашты.
Белгилей кетсек, бул ишембилик мамлекет башчысынын “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

