KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьялары жана Аппарат кызматкерлери ишембиликке катышты

14 марта 2026

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланган.


Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана Аппарат кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты.


Ишембиликтин алкагында  Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиев атындагы парктын аймагын тазалоо, көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.


Жогорку соттун судьялары жана Аппарат кызматкерлери борбор калаанын тазалыгын сактоого, экологиялык абалды жакшыртууга жана  айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө багытталган демилгени колдоп, өз салымдарын кошушту.


Аталган паркты ошондой эле Бишкек шаардык соту менен  Биринчи май райондук сотунун судьялары жана Аппарат кызматкерлери тазалашты.


 


Видео-блок

М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...