KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышты

15 марта 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 15-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев баштаган судьялар жана аппарат кызматкерлери ишембилик өткөрүштү.


Жогорку соттун жалпы жамааты ишембиликтин алкагында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы сейил багын жана соттун жанаша жайгашкан аймактарын тазалап чыгышты.


Мындан тышкары ишембиликке жергиликтүү соттор дагы активдүү катышып, соттордун карамагындагы административдик имараттардын жанаша жайгашкан аймактарын санитардык тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү.


Белгилей кетсек, ушул жылдын 15-мартынан 17-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча ишембилик өтөт.



Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...