KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын судьялары сот өндүрүшүнүн электрондук форматына арналган Форумдун ишине катышты

23 апреля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 23-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Дилара Арстанбаева жана сот тутумун санариптештирүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова, ошондой эле аталган жумушчу топтун мүчөлөрү — Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Нурлан Кожомбердиев, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Нарын облустук сотунун судьясы Бекмухаммет Мусурманкулов, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы Индира Жунушалиева, Бишкек шаардык сотунун судьясы Таалайкүл Кадыркулова жана Ош шаардык сотунун судьясы Бакыт Сыдыгалиев «Сот өндүрүшүнүн электрондук форматы» аталышындагы эл аралык дискуссиялык форумдун ишине катышышты.


Иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн сот системасы үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча негизги уюм болуп эсептелген Россия Федерациясынын федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку кесиптик билим берүү мекемеси — В.М. Лебедев атындагы Россиянын юстиция мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлдү.


Форумдун алкагында катышуучулар сот ишинде маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу, электрондук сот иштерин жүргүзүү, сот өндүрүшүнүн маалыматтык коопсуздугу жана сот адилеттигин санариптештирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.


 


Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...