Жергиликтүү соттордун 200гө жакын судьясы «Судьянын коммуникативдик компетенттүүлүгү: сөз, үн жана диалог маданияты» аттуу тренингге катышты.
Аталган окуунун негизги максаты — судьялардын коом менен, процесстин катышуучулары менен жана жалпы эле сот процессинде натыйжалуу коммуникация жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.
Окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси Рулан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Со адилеттигинин Жогорку мектебинин дирекору Эркинбек Токтомамбетов, Жогорку соттун Аппаратынын өкүлдөрү катышты.
Тренинг Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан уюштурулуп, аталган мекеме судьяларды үзгүлтүксүз окутуу, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана заманбап талаптарга ылайык компетенцияларын өнүктүрүү багытында комплекстүү иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө судьянын сөз маданиятына, так жана түшүнүктүү сүйлөөнүн маанисине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар юридикалык тилди жөнөкөйлөтүү, ойду так жеткирүү, ошондой эле сүйлөөдө кетирилген типтүү каталарды аныктоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.
Мындан тышкары, тренингде үн, интонация жана алардын таасири тууралуу темалар каралып, судьянын сүйлөөсүндөгү темп, пауза жана логикалык басым сыяктуу элементтердин мааниси түшүндүрүлдү. Практикалык бөлүгүндө катышуучулар дем алуу, дикция жана интонация боюнча көнүгүүлөрдү аткарышты.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында ишеним психологиясы жана чечим кабыл алууга таасир эткен факторлор тууралуу маселелер талкууланып, судьянын образы жана биринчи таасир калтыруунун ролу боюнча кеңири маалымат берилди.
Тренингди жазуучу, редактор жана журналист Актилек Гүлжигит кызы өткөрүп, катышуучулар менен интерактивдүү форматта пикир алмашуу жүргүздү.
Мындай окуулар судьялардын кесиптик көндүмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган.

