KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти

27 января 2026

2026-жылдын  27-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин  катышуусунда жергиликтүү сотторго биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти.


Кыргыз Республикасынын Президентинин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыктары чыкты жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:


Ош облусунун Араван райондук сотуна  Акылбекова Айжамал Акылбековна;


Ош шаардык сотуна Джамбурчиева Каныкей Аширбековна менен Маданбекова Лира Орумбековна;


Өзгөн райондук сотуна  Рыскулов Асхат Жаңыбаевич;


Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотуна Сарыбаев Самарбек Назарбекович дайындалды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев  дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасында шайланган же дайындалган судьялардын ыйгарым укуктары алар тарабынан ант берүү күнүнөн баштап күчүнө кирет.


Видео-блок

М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...