KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар этикалык жүрүм-турум нормаларын талкуулашты

15 мая 2025

Ушул жумада Судьялар жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештердин мүчөлөрү үчүн «Судьялардын этикалык жүрүм-турум нормалары» темасында эки күндүк тренинг өткөрүлдү.


Тренер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отставкадагы судьясы Чынара Мусабекова болду.


Тренингдин максаты — судьялык коомчулуктун ишмердүүлүгүнүн негизин түзгөн этикалык стандарттарды терең түшүнүүгө жетишүү болду. Айрыкча, коррупциялык көрүнүштөр жана ага каршы туруу, Кыргыз Республикасынын судьясынын  Ар-Намыс Кодексинин жоболорун сактоо, ошондой эле судьянын мыйзам бузууларына карата тартиптик чараларды колдонууда тең салмактуулук принцибин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар судьянын кызматтык жана кызматтан тышкаркы этикасынын негизги аспектилерин талдап, сот тутумунун өкүлдөрү туш болгон реалдуу кырдаалдар менен укуктук дилеммаларды талкуулашты. Айрыкча кызыгуу жараткан бөлүгү — судьялардын жүрүм-туруму боюнча Бангалор принциптерине берилген комментарийлерди изилдөө болду. Бул принциптер иш-чаранын мазмундук өзөгүн түздү.


Окуу интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар активдүү талкууга катышууга, өз тажрыйбасы жана көз карашы менен бөлүшүүгө, ошондой эле этикалык нормаларды күнүмдүк сот практикасына колдонуу боюнча практикалык ыкмаларды биргеликте иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.


Бул тренинг сот бийлигине болгон коомдук ишенимди арттырууга жана кесиптик этикага карата бирдиктүү мамилени калыптандырууга көмөк көрсөткөн маанилүү кадам болду.


Видео-блок

Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...