2026-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптик өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун курамына кирген жергиликтүү соттордун судьялары Биринчи радионун «Суроо-жооп» аталышындагы түз эфирдеги программасына катышышты.
«Санариптик сот: ачык-айкындуулук жана келечек» деген темадагы эфирге Ош шаардык сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бекмухаммет Мусурманкулов катышты.
Эфирдин жүрүшүндө судьялар сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери тууралуу кеңири маалымат беришти. Атап айтканда, сот отурумдарын онлайн режимде көрсөтүү, жарандарды СМС аркылуу кабардар кылуу, мамлекеттик алымдарды электрондук түрдө төлөө мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле соттордун ишмердүүлүгүн тышкы баалоо механизмдери тууралуу сөз болду.
Мындан тышкары, угармандардын суроолоруна түз эфирде жооп берилип, сот адилеттигинин ачыктыгын камсыз кылуу, жарандардын сот системасына болгон ишенимин жогорулатуу багытындагы иштер белгиленди.

