KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар сот тутумундагы санариптештирүү боюнча Биринчи радиого маек беришти

22 мая 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 22-майында, Биринчи радионун түз эфиринде сот тутумун санариптештирүү темасында талкуу уюштурулду. Уктурууга Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кожомбердиев жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет Сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Бек Иманалиев катышышты.


Түз эфирдин жүрүшүндө судьялар  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамда каралган соттук териштирүүлөрдү онлайн-трансляциялоо жана видеоконференц байланыш аркылуу өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.


Мындан тышкары, сот отурумдарындагы аудио жана видео жаздыруу системасынын иштеши, анын укуктук жана техникалык жактары боюнча угармандардын суроолоруна жооп беришти.


Судьялар санариптик сот ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу, коомчулуктун ишенимин жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу сыяктуу маселелер боюнча өз пикирлерин билдиришти.


Маектин соңунда сот өкүлдөрү санариптештирүү жараяны мындан ары да улантылып, жарандар үчүн ыңгайлуу, ачык жана ыкчам сот адилеттигин камсыз кылууга шарттар түзүлүп жаткандыгын кошумчалашты.


Белгилей кетсек, учурда сот системасы өз ишмердүүлүгүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү багытында ырааттуу жана системалуу түрдө иш алып барууда.



Видео-блок

Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды
У. Кожомбердиев:"Айтса жаман көрөсүңөр!". Сот аткаруучулардын жыл жыйынтыгы
Азамат Узакбаев: Судья өзү өкүнбөгөндөй чечим чыгаруусу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...