KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Борбор Азия өлкөлөрүнүн судьялары интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты

15 мая 2026

Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн судьялары үчүн интеллектуалдык менчик укуктарынын актуалдуу маселелерине арналган субрегионалдык семинар өз ишин жыйынтыктады.


Иш-чарага Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Асель Смаилова катышып, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого байланыштуу иштер боюнча соттук практика тууралуу баяндама жасады.


Семинардын катышуучулары тематикалык сессияларга активдүү катышып, алардын алкагында интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди кароо, автордук укук боюнча талаш-тартыштар, онлайн-платформалардын ишмердүүлүгү жана ортомчулардын жоопкерчилиги, ошондой эле товардык белгилерге жана автордук укук объектилерине болгон укуктарды жарандык-укуктук коргоо чаралары талкууланды.


Иш-чаранын уюштуруучулары  Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму жана Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик укуктары боюнча комитети болушту.


Аталган аянтча Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Корея жана Германия мамлекеттеринин судьяларын бириктирди.


Видео-блок

Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту
В судах первой инстанции запущена система электронных уведомлений
Соттордо электрондук билдирүү берүү тутуму ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...