KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Азия–Тынч океан аймагы өлкөлөрүнүн XIII Эл аралык юридикалык форумуна катышты

30 сентября 2025

Өткөн жумада Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Жогорку сотунун демилгеси менен уюштурулган Азия–Тынч океан аймагы өлкөлөрүнүн XIII Эл аралык юридикалык форуму болуп өттү.


Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары Турсунгуль Чаргынова жана Жамалкан Исакова, ошондой эле жарандык жана экономикалык иштер боюнча судьялардын ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн улук консультанты Джаныл Кулмурзаева катышты.


Быйыл уюштуруучулар талкуулоо үчүн төмөнкү негизги темаларды тандашты:



  • эл аралык экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын салыктык мамилелердеги укуктарын соттук коргоо;

  • соттордо бажы талаштарын кароонун актуалдуу маселелери;-

  • атаандаштыкты коргоо (антимонополиялык мыйзамдар) боюнча улуттук мыйзамдарды колдонуудагы соттук тажрыйба.


Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү Турсунгуль Чаргынова өзүнүн баяндамасында, бүгүнкү күндө бажы талаштары ишкерлер жана жарандар үчүн эң татаал жана маанилүү иш категорияларынын бири экенин белгиледи:


«Бул  жөнгө салууларды талап кылган деңгээлдин жогору болушу, көп сандагы ченемдик актылар жана эл аралык, улуттук укуктук чөйрөнүн тынымсыз өзгөрүшү менен байланыштуу. ЕАЭБдин Бажы кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына бажы жол-жоболорун санариптештирүүгө, көзөмөлдү күчөтүүгө жана тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын укуктарын коргоого багытталган маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди».


Турсунгуль  Чаргынова белгилегендей, бажы талаштарын натыйжалуу чечүү үчүн комплекстүү мамиле зарыл:


«Биринчи кезекте — укуктук базаны колдонуу тажрыйбасын жана санарип доорунун чакырыктарын эске алуу менен мындан ары да өркүндөтүү.


Экинчи маанилүү жагдай — судьялардын жана бажы органдарынын адистеринин санариптик технологиялар жана эл аралык укук жаатындагы билимин жогорулатуу.


Мындан тышкары, бажы кызматтарынын, сот системасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн өз ара тыгыз кызматташуусу маанилүү. Диалог жана биргелешкен аракеттер талаштуу жагдайларды азайтып, система боюнча ишенимди арттыруучу бирдиктүү стандарттар менен практикаларды иштеп чыгууга шарт түзөт.


Тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу да унутта калбашы керек».


Белгилүү болгондой, форум көп жылдан бери регионалдык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо механизмдерин, эл аралык сооданын өнүгүүсүнүн укуктук жана экономикалык аспектилерин, интеллектуалдык менчикти коргоо маселелерин, корпоративдик укук, салыктык жөнгө салуу жана башка темаларды талкуулап келет.


Иш-чарага дүйнөнүн 15 өлкөсүнүн жана эки эл аралык соттун жогорку сот органдарынын жетекчилери, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын эл аралык форумдарга катышуусу улуттук сот системасынын ачык диалогго, тажрыйба алмашууга жана мыкты практикаларды киргизүүгө умтулуусун ырастайт. Кыргыз Республикасынын  судьяларынын эл аралык аянтчаларга активдүү катышуусу өлкөнүн сот бийлигинин аброюн чыңдоого, судьялык корпусунун кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк укуктук коомчулукка интеграцияланышына өбөлгө түзөт.


Видео-блок

Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз
Форум судей: Конституция гарантирует право на благоприятную окружающую среду
Жогорку сотто «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча иш чара болуп өттү
Медербек Сатыев: Мамлекеттик тил — улуттук биримдиктин негизи

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...