Бүгүн, 2026-жылдын 18-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Чолпон Назирдинова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланды.
Салтанаттын алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн ар кыл тармактардын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыктары тапшырылды.
Белгилей кетсек, аталган сыйлык Чолпон Назирдинованын кесиптик жетишкендиктерине берилген дагы бир жогорку баа болуп саналат.
Эске салсак, буга чейин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү соттордун судьялары тарабынан сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатына жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгында Чолпон Назирдинова «Жылдын мыкты судьясы» номинациясынын жеңүүчүсү деп табылып, биринчи орунга татыган. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын баалоонун жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган.

