KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Аида Сейдакматова провела гостевую лекцию в Институте переподготовки и повышения квалификации кадров

25 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Аида Сейдакматова Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун орто жалпы билим берүү программасынын 10–11-класстарынын окуучулары үчүн «Өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар» деген темада конок лекциясын өткөрдү.


Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган бул иш-чарага «Психология» программасынын угуучулары жана институттун окутуучулар курамы да катышты.


Катышуучуларга балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктары, аларды коргоо механизмдери, ошондой эле жашы жете электерге карата жасалган укук бузуулардын алдын алуудагы укук коргоо органдарынын ролу тууралуу кеңири маалымат берилди.


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өспүрүмдөрдүн укук бузууларды жана кылмыштарды жасагандыгы үчүн каралган жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурулду.


Иш-чаранын соңунда «суроо-жооп» сессиясы уюштурулуп, анын жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган укуктук маселелер боюнча негиздүү түшүндүрмөлөрдү алышты.


«Ар бир жаш жаран мыйзамды так сактоого, кыраакы болууга жана өз келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылууга тийиш», — деп белгилеген лектор, катышуучуларга бекем ден соолук жана окууларында ийгиликтерди каалады.


 


https://www.knu.kg/ky/ru/archives/25326


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...