KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьясы Кыргыз-Россия Славян университетинде конок лекция окуду

17 апреля 2026

2026-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Инара Гилязетдинова Россия Федерациясынын биринчи Президенти  Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия  Славян университетинин студенттери үчүн конок лекция өткөрдү.


Иш-чарага ошондой эле Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Азамат Узакбаев катышты.


Лекция «Судьянын кесиптик этикасы» темасына арналды. Ага юридикалык факультеттин 1–2-курсунун студенттери, ошондой эле «Соттук экспертиза» адистигинин 3-курсунун студенттери болуп, жалпы 75 студент катышты.


Лекциянын жүрүшүндө Инара Гилязетдинова судьялык этиканын негиздери, судьянын көз карандысыздыгы жана бейтараптуулугу тууралуу кеңири баяндап берди. Ал иштерди кароодо жогорку кесипкөйлүк менен катар адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктар өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.


Мындан тышкары, сот тутумуна болгон ишеним, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда судьянын ролу, ошондой эле сот системасын санариптештирүү багытындагы заманбап процесстерге өзгөчө көңүл бурулду.


Студенттер талкууланып жаткан темаларга чоң кызыгуу менен катышып, судьялык кесиптин татаалдыгы, судья болууга коюлган талаптар, соттордун ишмердүүлүгүнүн практикалык жагдайлары жана санариптик технологияларды киргизүү маселелери боюнча суроолорду беришти.


Жолугушуунун соңунда Инара Гилязетдинова менен Азамат Узакбаев студенттердин бардык суроолоруна жооп берип, келечектеги юристтердин кесиптик калыптанышынын маанилүүлүгүн жана алардын коомдогу укуктук маданиятты өнүктүрүүдөгү активдүү ролун белгилешти.


Мындай форматтагы жолугушуулар теория менен практиканын ортосундагы байланышты чыңдоого, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана сот тутуму менен судья кесиби тууралуу объективдүү түшүнүк калыптандырууга өбөлгө түзөт.


Судьялар мындан ары да ушундай лекцияларды жана жолугушууларды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


 


Видео-блок

Жогорку сот менен жергиликтүү соттор ишембиликке катышты
ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...