KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жөнүндө Жобону талкуулашты

29 августа 2025

2025-жылдын 28-августунда Ош облусунда административдик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда методикалык колдоо жана суроо-жооп форматында тегерек стол өткөрүлдү.


Аталган иш-чара Ош облустук сотунун Административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Нурия Бекбаева, Ош облусунун Административдик сотунун


төрагасы Дамир Суйналиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну


көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Совет Абдраев, адистер Сайназар Райымберди уулу жана Актилек Хужановдун


катышуусунда өттү.


Жыйында 2025-жылдын 2-августунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Nº464 сандуу токтому менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жөнүндө Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизилгендиги боюнча талкуу жүргүзүштү.


Анда өзгөртүү киргизилген Жобо боюнча ой-пикирлер ортого салынып, мыйзамдын туура багытта колдонулушу жана аткарылышы боюнча түшүндүрүлүп, суроо-жооп менен жыйынтыкталды.


 


Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы


Видео-блок

Сот адилеттигинин Жогорку мектебине жаңы директор дайындалды
Медербек Сатыев: Судья болом дегендерге талаптар жогору болуусу керек
Беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти
“Ар бир судьянын үстүнөн түшкөн арыздар дыккат каралышы керек!” М. Сатыев Судьялар кеңе...
"Мамлекеттин казынасына кол салбагыла!" Соттордун "Фемида" пансионатынын жыл жыйынтыгы,...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...