KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

11 марта 2025

Нарын облустук сотунда бир катар судьяларга жана аппарат кызматкерлерине жарандардын кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын коргоого жана Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымдары үчүн сыйлыктар тапшырылды.


Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров иш-чарада Нарын облустук сот тутумунун судьялары ар бир ишти мыйзам чегинде карап, өздөрүнүн кызматтык функцияларын татыктуу аткарып жатышканын белгиледи.


Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов, УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Атажанов, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жолболду Кочконов, “Нарын-бажы” кызматынын башчысы Нурбек Алимов сот кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдиришти.


Облус башчысы Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыровго Турдакун Усубалиев атындагы төш белгисин, Нарын облустук сот департаментинин башчысы Адилет Чакиевге «Нарын даңкы» төш белгисин, Нарын облустук сотунун судьясы Эркинбек Дүйшеевке Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасын тапшырды.


Ошондой эле, Нарын облустук сотунун төрагасынын кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары Келдибек Исажанов “Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл” медалы, Нарын райондук сотунун төрагасы Мунарбек Турдумбетов Нарын облустук прокуратурасынын Алкыш баракчасы менен сыйланышты.


Өз кезегинде, сот аппаратынын бир катар кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин Ардак грамоталары жана сыйлыктары тапшырылды.


 


Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Гулзада Турдалиева


Видео-блок

Президент: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот". Кыргыз Республикас...
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайы болуп өттү. Үч жылда эмнелер аткарылды?
Ар бир жаран соттордун ишине баа бере алат!
Сот бийлиги мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу керек. Жогорку соттун Пленуму
"Калыс сот - элдин таянычы". Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин Пленумдагы сөзү. (тол...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...