KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сулайман Мыкыев мыкты Аппарат Жетекчиси болду

06 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы чыгарылды.


Аталган демилге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Тиешелүү Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган 2023-жылдын 2-февралындагы №17 Жарлык менен бекитилген 2023–2025-жылдарга кадрларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясына ылайык кабыл алынган.


Документке ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасы бекитилип, ал 2025-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген.


Ошондой эле мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү, ошондой эле Инфоком мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ишти баалоонун маалыматтык системасын иштеп чыгуу милдеттери жүктөлгөн.


Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпы 86 аппарат жетекчинин ишине баа берүү пландалган. Алардын ичинен 64 аппарат жетекчи баалоодон өткөн. Ал эми 22 жетекчи кызмат ордунда алты айдан аз иштегендигине байланыштуу баалоо процессине киргизилген эмес.


Жыйынтыгында 44 аппарат жетекчинин иши “жакшы” деп бааланып, эң алдыңкы орунду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын Жетекчиси Сулайман Мыкыев алган.


Ал эми 19 жетекчиге “канааттандырарлык” деген баа берилген. Бир аппарат жетекчинин ишмердүүлүгү “канааттандырарлык эмес” деп табылган.


 


Видео-блок

М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации
Ала-Тоо 24: Сотторду тандоо жаатында кандай өзгөрүүлөр болду? Судьялар кеңешинин төрайы...
5-март — Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы
УТРК ЧҮЙ: СОТ ТУТУМДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...