2025-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин алдында сот системасындагы жаңы санариптик чечимдердин презентациясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн «Түндүк» платформасынын соттордун кызмат орундарына талапкерлерди электрондук тандоонун Автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграциясы сунушталды.
Платформанын адистери техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, системаны негизги мамлекеттик реестрлерге кошуу процесси тууралуу маалымат беришти: талапкерлердин жеке маалыматтары, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү (Мамлекеттик ишканалар «Кадастр» жана «Унаа» аркылуу), билими, ошондой эле наркологиялык жана психологиялык абалы боюнча маалыматтар.Мындай интеграция талапкерлердин маалыматтарын автоматтык жана коопсуз текшерүүгө шарт түзүп, сотторду тандоо конкурстарынын объективдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатат.
Учурда Кыргыз Республикасынын ИИМ жана Мамлекеттик салык кызматы менен техникалык интеграцияны аяктоо гана калды. Андан соң система толук көлөмдө мекемелер аралык маалымат алмашууну камсыздап, сот системасында кадрдык саясаттын негизги куралына айланат.
Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүнүн сапатын кесиптик баалоо тууралуу жаңы Жобо тааныштырылды. Аны Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова сунуштап, анда коюлган критерийлер жана баллдык шкала соттордун ишин адилеттүү жана ачык баалоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Кабыл алынган демилгелер сот системасына болгон ишенимди чыңдоого жана Кыргызстанда укуктук мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган.
Презентацияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан — сот органдары жана прокуратура менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Зарема Конгантиева, ошондой эле бул бөлүмдүн эксперттери Данияр Шейшеканов, Эльмира Джумашова, Тимур Карабаев жана Талгатбек Калиев катышты.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу “Түндүк” ачык акционердик коому тарабынан иш-чарага Сот системасын санариптештирүү департаментинин директору Апсамат Мырзакматов, департаменттин башкы программисти Бактилек Таалайбек уулу жана бизнес-аналитик Айпери Исакеева катышышты.
Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Адилет сот иштери боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов, анын орун басары Эльмира Барыктабасова жана кеңештин мүчөлөрү катышты.