KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда жаңы төрага дайындалды

24 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 24-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин буйругунун негизинде Талас облустук сотунун төрагасы болуп дайындалган Эльярбек Абдимиталипов жергиликтүү соттун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине тааныштырылды.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын  орун басары Нурлан Мусаев катышып, Эльярбек Абдимиталипов  беш  жылдык мөөнөткө Талас облустук сотунун төрагасы болуп дайындалгандыгын билдирип,  жыйындын катышуучуларына тааныштырды.


Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Максат Байджигитов, Талас облусунун прокурору Мирбек Расулов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Эмил Таштанов,  Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев, ошондой эле  жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары дагы катышты.


Өз кезегинде Эльярбек Абдимиталипов  биргеликте алгылыктуу иш алып барууга бел байлап, сот адилеттигин орнотууга бардык күч аракетин жумшай тургандыгын айтты.


 


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...