Талас облустук сотунун демилгеси менен Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз тили боюнча иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил, эл аралык байланыштар боюнча проректор, филология илимдеринин кандидаты, доцент Кундуз Жунусалиева жана аталган университеттин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы филология илимдеринин кандидаты Толкун Айталиева судьялар жана аппарат кызматкерлерине лекция окушту.
Өз баяндамаларында мамлекеттик тил жана тил саясаты, тил баалуулуктары, анын ичинде чечендик өнөр тууралуу, ошондой эле кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, коомдогу орду, колдонулушу, укуктук статусу жана жаралуу тарыхы боюнча айтып өтүштү.
Иш чара суроо-жооп форматында өтүп, кыргыз тили тууралуу кеңири маалыматтар алынып, баяндамачыларга ыраазычылыктар билдирилип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

