KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды

04 февраля 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 4-февралында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Талас облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты.


Жыйында маалым болгондой, 2024-жылдын отчеттук мезгилинде Талас облусунун райондук, шаардык соттору тарабынан кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тартибинде, жалпы 2470 соттук иштер жана материалдар каралган. Бул көрсөткүч 2023-жылдагы статистикалык маалыматка салыштырмалуу 235 ишке, же 8,7% азыраак. 2023-жылы жалпы 2705 соттук иштер жана материалдар каралган.


2024-жылы  жалпы 3380 жарандык иш каралган. Бул  2023-жылга караганда 30,5%) көбүрөөк.


Ал эми өткөн отчёттук мезгилде 173 административдик  иш, 36 соттук материал каралгандыгы маалым болду, бул 2023-жылга салыштырмалуу 54,8% көбүрөөк.


Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, соттордун маанилүү милдеттеринин бири иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү сактоо маселесине  өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку соттун төрагасы бул фактылар жарандардын нааразычылыгына себеп болуп жатканын айтып, иштерди кароонун мөөнөтүн узартууга  жол бербөөнү белгиледи.


Ошону менен бирге, тиешелүү коллегиялардын жетекчилери болуп саналган Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары жокко чыгарылган соттук актылардын санын кыскартуу үчүн биринчи инстанциядагы судьяларга практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгилешти.


Мындан тышкары сотторду жана судьяларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу  туурасында  отчет берилди. Эскерте кетсек, Медербек Сатыев 2024-жылдын 10-декабрында, Талас облусуна болгон иш сапарында аныкталган кемчиликтерди көрсөтүп, аларды бир айдын ичинде жоюуну тапшырган.


Бүгүнкү отурумда Жогорку соттун жетекчилиги аталган тапшырмалардын аткарылышы боюнча Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси Токтогул Ахуновду укту. Алардын катарында Манас райондук соту менен  Административдик сотко жер тилкелерин кароо, Айтматов райондук сотунун имаратынын аймагында жарандарга шарт түзүү, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окууларды уюштуруу маселелери да бар.



 


Видео-блок

Карызы барлар өлкөдөн чыга албайт! Эмне кылуу керек?
Бишкек шаардык соту 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Чүй облустук соту жыл жыйынтыгын чыгарды
Ош облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты
Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү соттор жыл жыйынтыгын чыгарышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...