KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту ички иштер органдары, медиаторлор жана аксакалдар соттору менен кызматташууну күчөтүүдө

11 февраля 2026

Талас облустук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругуна ылайык сот тутуму үчүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча 2025–2028-жылдарга карата иш-пландын алкагында жыйын өткөрүлдү.


“Ынтымактуу коом – улуттук баалуулук” урааны алдында өткөн иш-чарага соттун төрагасы жана судьялары, медиаторлор, аксакалдар сотторунун өкүлдөрү, ички иштер органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жарандардын сотко кайрылуусундагы тартип, ошондой эле аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды биргеликте чечүү боюнча сунуштар айтылды. Талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салууда медиациянын ролу белгиленди.


Иш-чаранын жыйынтыгында сот, ички иштер органдары, медиаторлор жана аксакалдар соттору ортосунда тыгыз кызматташтыкты күчөтүү жана мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү тууралуу макулдашылды.


Видео-блок

НОМАД ТВ: Верховный суд внедряет цифровое правосудие с трансляциями заседаний
Сот отурумдары онлайн форматта түз көрсөтүлүүдө
Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту
Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...