KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас райондук соту "Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүштү

24 ноября 2025

Талас райондук сотунун демилгеси менен «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган иш-чара Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан Маданият үйүндө  жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.


Аталган иш-чараны  Талас райондук сотунун төрагасы Бакытбек Жаназаков ачып,  Кыргызстандын тарыхы, Президенттин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун Жарлыгынын мааниси, улуттук баалуулуктардын орду жөнүндө баяндама жасады.


Иш-чаранын жүрүшүндө “Касымкул Нанаев” атындагы Талас районунун жалпы билим берүүчү Арал орто мектебинин тарых мугалими Чокойбек Сулайманов  «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун тарыхый мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.


Иш-чаранын соңунда Маданият кызматкери  Таалайбек Шакетаевдин  комуздун коштоосунда ырлары жаңырды.


Эске салсак, Талас облусундагы жергиликтүү сот тутуму «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашырууга багытталган кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, жалпы улуттук баалуулуктарын сактоого жана даңазалоого арналган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө.


Видео-блок

Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Фуцзянь провинциясынын прокуратура делегацияс...
Сот кызматкерлери улуттук идеологияны даңазалады
Талас облусу | Калыс сот – элдин тиреги
"Ар бир добуш - өлкөнүн эртеңине кошулган салым". М.Сатыев №1046 шайлоо участогунан доб...
Н.Бакирова КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары ме...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...