Таш-Көмүр шаардык сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбековдун жетекчилиги астында “Жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу” жана “Жарандардын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу” темаларында жыйын өттү.
Иш-чарага шаардагы аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана шаардык адвокатуранын өкүлдөрү катышты. Жыйын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2024-жылдын 23-июлундагы №83-буйругунун негизинде бекитилген 2025–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө “Санариптик сот адилеттиги” порталы аркылуу жарандардын маалыматка жетүүсү жана сот тутумунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Ошондой эле соттук отурумдарды онлайн форматта өткөрүү, аудио-видео фиксациялоо жана “Соттордун тейлөө сапатын баалаңыз” QR-код сурамжылоосу тууралуу маалыматтар берилди.
Аталган соттун төрагасы Арстанбек Аскарбеков коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгилеп, ар бир кызматкерди өзүнүн кызматтык абалынан кыянат пайдаланбоого жана жарандардын ишенимин арттырууга чакырды. Жыйындын соңунда катышуучуларга ыраазычылык билдиришти.