KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыевдин Адвокаттар күнү менен куттуктоо тексти

01 марта 2026

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун атынан жана жеке өзүмдүн атыман 1-март — Адвокаттар күнү менен куттуктайм.


Урматтуу адвокаттар!


Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Адвокаттар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга квалификациялуу юридикалык жардам алууга кепилдик берет. Бул конституциялык норманын турмушка ашырылышы сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер аркылуу камсыздалууда.


Адвокаттык иш — бул жөн гана кесип эмес, бул мыйзамга, адилеттикке жана коомго кызмат кылуунун бийик миссиясы. Ал терең билимди, принципиалдуулукту, калыс позицияны жана адеп-ахлактык бекемдикти талап кылат.


Сот тутуму менен адвокаттык коомчулук бир максатты көздөйт — мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдун сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөө.


Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Адилеттик жолундагы кызматыңыздар ар дайым урмат-сыйга жана жогорку баага татыктуу болсун!


Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Төрагасы Медербек Сатыев


Видео-блок

НОМАД ТВ: Верховный суд внедряет цифровое правосудие с трансляциями заседаний
Сот отурумдары онлайн форматта түз көрсөтүлүүдө
Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту
Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...