KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосу

27 мая 2026

Урматтуу мекендештер!


Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!


Курман айт — элибизди боорукерликке, кайрымдуулукка, кечиримдүүлүккө жана ынтымакка үндөгөн улуу майрам. Бул куттуу күндөрдө адамдар бири-бирине жакшылык кылып, жардамга муктаж жарандарга кол сунуп, руханий тазалыкка жана сабырдуулукка умтулушат. Айт майрамы коомдогу биримдикти бекемдеп, жүрөктөргө мээрим, үмүт жана ишеним тартуулайт.


Элибиздин ынтымагы бекем болуп, ар бир үйдө тынчтык, токчулук жана береке өкүм сүрсүн. Жараткан ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, аманчылык жана мол ырыскы насип этсин. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиздин өнүгүүсү мындан ары да туруктуу ийгиликтер менен коштолсун.


Ушул ыйык майрам күндөрүндө кылган бардык жакшы тилек-дубаларыңыздар кабыл болуп, ар бириңиздерге чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалайм.


Курман айт майрамыңыздар кут болсун!


Видео-блок

Аида Сейдакматова приняла участие в четвертом заседании председателей судебных советов ОТГ
Как экономический суд СНГ помогает Кыргызстану и бизнесу?
Медиация: сотко жетпей чечилген талаштар
Возможности медиации: можно ли решить спор без суда?
Медербек Сатыев Кыргызстандагы БУУнун координатору Антье Граве менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...