KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Юристтер күнүнө карата Конституциялык соттун ведомстволук сыйлыктарын тапшыруу аземи

30 июня 2025

2025-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Юристтер күнүнө арналган соттун жамаатынын салтанаттуу жыйыны болуп өткөнүн аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.



Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев кызматкерлерди жана конокторду кесиптик майрамы менен куттуктап, конституциялык мыйзамдуулукту чыңдоодо жана укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө юристтердин эмгегинин маанилүү экендигин баса белгиледи.



Иш-чаранын жүрүшүндө конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана коомдо конституциялык баалуулуктарды жайылтууга көмөктөшкөндүгү үчүн ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.



Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасы менен сыйлангандар:



• Мырзалимов Р.М. — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысы» журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү;

• Маралбаева А.Ш. — Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысы» журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү;

• Атабекова Н.К. — Кыргызстан эл аралык университетинин илим жана инновациялар боюнча проректору;

• Сабырова К.Ж. — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык факультетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору;

• Мусабекова Ч.А. — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин доценти, окутуучу;

• Турдумамбетова Г.Б. — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттарды окутуу борборунун мурдагы директору;

• Гузель Камил кызы — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кафедра башчысы, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына караштуу «Нотариат мектеби» окуу борборунун директору;

• ошондой эле Мамыталы кызы Камила — Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкери.



Салтанаттуу аземдин соңунда бардык сыйлануучуларга терең ыраазычылык билдирилип, Конституциянын үстөмдүгүн жана укуктук

баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттерди улантуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.


Видео-блок

Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...