Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби сот системасынын кызматкерлерин жана судьяларын окутууну үзгүлтүксүз өткөрүп келет.
Жогорудагыдай иш-чаранын алкагында бүгүн Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жана жергиликтүү сотторунун кызматкерлери үчүн «Этикалык эрежелерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусу эрежелерин сактоо коррупциянын алдын алуунун маанилүү механизми катары» деген темада семинар өтүүдө.
Лектор Сот адилеттигинин жогору мектебинин окутуучусу Эрмек Садыков болду.
Окутуунун алкагында катышуучулар мамлекеттик кызматчы мыйзамда белгиленген кызмат өтөөгө байланыштуу чектөөлөрдү өзүнө алууга, ошондой эле этиканын принциптерин сактоого, анын ичинде өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө милдеттүү экендигин талкуулашат. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында жүрүм-туруму, коррупцияга каршы туруу жана кызматтык абалынан пайдаланууда жеке кызыкчылыкты азайтуу маселелери каралат.
Семинардын соңунда катышуучулар сурамжылоодон өтүшүп, андан соң сертификаттар тапшырылды.

