KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мамадияр Исабаев дүйнө салды

16 апреля 2025

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Исабаев Мамадияр Исламовичтин узакка созулган оорудан улам дүйнө салганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын сот системасы жана Сот тутумунун ардагерлер кеңеши көңүл айтат.


Кыргыз Республикасынын сот системасы жана Сот тутумунун ардагерлер кеңеши белгилүү юрист, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Исабаев Мамадияр Исламовичтин узакка созулган оорудан улам дүйнө салганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Мамадияр Исламович 1952-жылдын  15-апрелинде  Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында туулган. 1967-1971-жылдарда Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуган. Эмгек жолун 1971-71-жылдары башталгыч мектепте мугалим болуу менен  баштаган. 1972-74-жылдары армияда кызмат өтөп, 1974-79-жылдардын аралыгында Кыргыз мамлекеттик  улуттук университетинин юридика факультетинде окуп, аны артыкчылык диплом менен бүтүргөн. 1979-1984-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде консультант, Ош областтык юстиция бөлүгүндө улук консультант, Ош облустук сотунда мүчө болуп иштгене.


М.Исабаев 1984-жылдан Таш-Көмүр шаардык сотунда  төрага, 1987-1991-жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда  мүчө, 1991-1995-жылдар аралыгында Жалал-Абад облустук сотунда төрага болуп иштеген.


1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматына дайындалып, бул кызматтан 1998-жылы ден соолугуна байланыштуу бошотулган.


2002-2010-жылдары Кыргыз Ренспубликасынын Контситуциялык сотунун аппаратанын  кодификация жана маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы, “Манас эпосуна 1000 жыл” медалы жана көптөгөн ведомстволук баалуу сыйлыктарга ээ болгон.


Мамадияр Исламович өз ишине берилген, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү, адилеттүүлүгү жана адамгерчилиги менен элинин жүрөгүндө орун тапкан инсан болгон.


Мамадияр Исламовичтин жаркын элеси жана басып өткөн даңазалуу жолу биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталып калат.


Сот системасы бул орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөт.


Видео-блок

Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм
Эми ар бир жаран соттордун тейлөө сапатын баалай алат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...