KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Латип Пазылович Жумабаев дүйнө салды

14 июня 2025

Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституциялык соттун жамаатына, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи Латип Пазылович Жумабаевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына анын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, аппарат кызматкерлери бул оор жоготууда кесиптештеринин жана маркумдун жакындарынын азасын тең бөлүшөт. Бул жоготуу — өлкөнүн сот системасы жана жалпы юридикалык коомчулук үчүн орду толгус кайгы.


Латип Пазылович Жумабаев 1956-жылдын 10-июнунда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айылында төрөлгөн. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Ал 2000–2017-жылдары прокуратура органдарында ар кыл кызматтарда иштеген.


2019–2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлдүн милдетин аткарып турган. 2020-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Конституциялык соттун судьясы болуп шайланган.


Узак жылдар бою мыйзамдуулукка кызмат өтөп, элдин ишенимине ээ болгон Латип Пазылович Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи ардактуу наамына татыктуу болуп, Конституциялык палатанын II даражадагы медалы жана башка бир катар ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.


Латип Пазылович Жумабаев принципиалдуу, кесибин мыкты билген, ак ниет жана адамкерчилиги жогору инсан катары эсте калат.



Видео-блок

Судьялык кызматка тандоо кандайча жүрөт?
200 адамды сотко мажбурлап алып келгенбиз. Сот приставы эмне иш аткарат?
Сот тутуму менен Салык кызматы эмнени макулдашты?
Санариптештирүү – жарандар үчүн адилеттикке жол ачат
Алынган мүлктү онлайн сатуунун доору башталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...