KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот системасында санариптик технологияларды колдонуу иштери күчөтүлүүдө

08 апреля 2026

Сот системасы санариптик трансформация боюнча иш-чараларды улантууда, анын негизги максаты — толук кандуу электрондук сот адилеттигине өтүү жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөө болуп саналат.


Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда онлайн-трансляция менен катар эки иш боюнча видеоконференцбайланыш (ВКБ) режиминде сот отурумдары уюштурулду. Ушундай эле формат Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда да колдонулду. Видеоконференцбайланышты колдонуу процесстин катышуучуларына сот залында жеке катышпастан, аралыктан туруп сот отурумдарына катышууга мүмкүнчүлүк берди.


Эскерте кетсек, процессуалдык мыйзамдарга «видеоконференцбайланыш» жана «сот отурумун онлайн-трансляциялоо» түшүнүктөрүн бекемдеген өзгөртүүлөр киргизилген. Сот отурумун видеоконференцбайланыш режими аркылуу өткөрүү процесстин катышуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул сот залына жеке келүүнүн зарылдыгы жок, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар каалаган жерден соттук угууларга катышууга мүмкүндүк берет.


Айрыкча кылмыш иштери үчүн бул абдан актуалдуу: айыпталуучуларды тергөө изоляторлорунан жеткирүү, күбөлөрдүн жана эксперттердин катышуусу — мунун баары убакыт жана ресурстук жактан чоң чыгымдарды талап кылат. Видео байланышты колдонуу иштерди кароо мөөнөттөрүн кыскартат, транспорттук жана уюштуруучулук чыгымдарды азайтат, процессти жеткиликтүүрөөк жана үнөмдүү кылат. Процесстин катышуучулары үчүн бул — ыңгайлуулук жана коопсуздук, мамлекет үчүн чыгымдарды оптималдаштыруу, ал эми коом үчүн сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу дегенди билдирет.


Сот өндүрүшү системасына санариптик технологияларды киргизүүнүн зарылдыгын жана актуалдуулугун түшүнүү менен, сот системасы сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, сот системасынын ачыктыгын жогорулатуу жана байланыштардын басымдуу бөлүгүн санариптик чөйрөгө өткөрүү аркылуу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул иштер санариптик өнүмдөрдү иштеп чыгуу жана коштоо, ошондой эле колдонулуп жаткан системаларды техникалык тейлөө боюнча туруктуу ички түзүмдүн жоктугуна карабастан жүргүзүлүп жатат.


Бүгүнкү сот отурумундагы видеоконференц байланыштын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев жана Юстиция министринин орун басары Искендер Сыдыгалиев да күбө болушту.


Видео-блок

ОшТВ: Сот адилеттиги санариптешти: ачыктык жана жоопкерчилик
БИРИНЧИ РАДИО: Сот процесстерин санариптештирүү - ачыктык менен адилеттүүлүккө кепилдик
Жергиликтүү соттордун судьялары коммуникация боюнча окуудан өтүштү
Сот адилеттиги түз эфирде
ТРК "Мир": Онлайн-трансляции судебных заседаний запустили в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...