KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Айтматов райондук сотунда коррупцияга каршы аракеттенүү жана “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолуна арналган иш-чара өткөрүлдү

03 апреля 2026

Айтматов райондук сотунун төрагасы Гүлмира Бапанова  аппарат кызматкерлери менен биргеликте коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жөнүндө, соттун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жарандардын сотко болгон ишенимин бекемдөө  максатында жалпы жыйын өткөрдү.


Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана кызматтык этиканы сактоо маселелери талкууланды.


Ошондой эле, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча чаралар, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттыруу жолдору каралды.


Андан соң Сот тутуму үчүн “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча 2026-жылга карата бекитилген иш-планынын алкагында, жергиликтүү жаштар, мугалимдер, жарандык коом өкүлдөрү менен укуктук сабаттуулук тууралуу Айтматов районуна караштуу “Токтогул Бабанов” атындагы жатак-мектебинин тарых мугалими Мухтар кызы Баккыз келип, Уңгужолу бул элдин түпкү башаты, анын келип чыгышы жана тарыхый жолу, ошондой эле дүйнөлүк бийиктикке карай жол-бул багыт, кыргыз элинин өзгөчөлүгүн жоготпостон, дүйнөлүк денгээлдеги ийгиликтерге жетишүү үчүн ар бир жаран өзүнүн уңгужолун билүү керектиги тууралуу лекция өттү.


Иш-чаранын соңунда лектор менен сот кызматкерлеринин ортосунда суроо-жооптор менен коштолуп, кыргыз тили тууралуу кеңири маалыматтар алынып, баяндамачыга ыразычылыктар билдирилип, ишине ийгиликтерди каалашты.


Тарыхтын татаал этаптарында улуттук баалуулуктарын, тилин, маданиятын жана укуктук аң-сезимин жоготпой сакталып калган кыргыз элинин  турмушунда адилеттүүлүк ар дайым жогорку баалуулук катары каралып келген. Улуу «Манас» эпосунда жана элибиздин тарыхый мурастарында чагылдырылган акылмандык, ынтымак, жоопкерчилик, калыстык жана элдик башкаруунун принциптери – заманбап сот системасы үчүн рухий жана идеалык пайдубал болуп саналат.


Видео-блок

НОМАД ТВ: Верховный суд внедряет цифровое правосудие с трансляциями заседаний
Сот отурумдары онлайн форматта түз көрсөтүлүүдө
Медербек Сатыев ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту
Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...