KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу районунда жергиликтүү соттордун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өткөрүлдү

22 июня 2026

2026-жылдын 20-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жергиликтүү соттордун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча салтка айланган кезектеги спорттук мелдеш өткөрүлдү.


Мелдешти Ак-Суу райондук соту уюштуруп, ага Ысык-Көл облустук сотунун, шаардык жана райондук соттордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана сот приставдары кызматынын кызматкерлеринен түзүлгөн жалпы сегиз команда катышты.


Спорттук иш-чаранын ачылышында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады. Ал спорт сергек жашоо образын жайылтуу менен бирге жамааттар арасындагы достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.


Мелдештин негизги максаты сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук байланыштарды чыңдоо, мыкты команданы аныктоо жана кийинки турнирди өткөрүү эстафетасын тапшыруу болуп саналат.


Турнир кызыктуу жана курч атаандаштык шартында өтүп, командалар жогорку даярдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү. Күйөрмандардын активдүү колдоосу оюндардын көркүн арттырып, спорттук майрамга өзгөчө дем берди.


Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:


I орун — Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын командасы;


II орун — Түп райондук сотунун командасы;


III орун — Ысык-Көл облустук сотунун командасы.


Ошондой эле турнирдин жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар ар кандай номинациялар боюнча дипломдор жана атайын сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев жана Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Бакытбек Нурбаев тапшырышты.


Жыйынтыктоочу аземде уюштуруучулар жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктап, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле спорт жаатындагы мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана бекем ден соолук каалашты.


Өткөрүлгөн спорттук иш-чара сот системасынын кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты, өз ара сый-урматты жана командалык духту дагы бир жолу бекемдеп, достук маанайда жыйынтыкталды.


 


 


 


 


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...